Кыргызстанда 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жазалоонун жаңы нормалары киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мас абалында унаа башкарган айдоочу 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
Эгерде айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса, анда ал үч суткага, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок болсо, 5 суткага камакка алынат.
Айдоочу жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан мас абалында унаа айдап же жол кырсыгына кабылса, унаасы убактылуу алынып, 3 жылдык мөөнөткө руль башкаруу укугунан ажыратылат.