Кыргызстанга май айында “Спутник V” вакцинасынын дагы 40 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга май айында “Спутник V” вакцинасынын дагы 40 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

 

Анын айтымында, эки өлкө ортосунда  60 миң доза тууралуу макулдашуу жетишилген, анын 20 миңи кечээ өлкөгө келди. Ошондой эле,  вакцинанын 1 миллион дозасын жеткирүү боюнча макулдашылды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта башталды. Бул үчүн кытайлык “Синафарм” препараты алынган.

 

Андан тышкары, жакынкы арада өлкөгө “AstraZeneca” вакцинасынын 405 миң дозасы жеткирилет.