Бишкек жана Чүй облусунда контейнерден курулган 2 оорукана пайдаланууга берилди

Бишкек жана Чүй облусунда Өзбекстандын жардамы менен контейнерден курулган 2 оорукана пайдаланууга берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ордо калаада улуттук госпиталдын аймагында курулган

медициналык мекеме 176 орунга, Чүйдөгү 24 адамга чакталат. Объектилер бир айда тургузулду.

Ошондой эле керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Эске салсак, буга чейин Баткенде да Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден тургузулган 200 орундуу оорукана пайдаланууга берилген