Түштүк Кореяда расмий ишке орношкон Кыргызстандын жарандары пенсия алышат

Түштүк Кореяда расмий ишке орношуп иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

 

Мындай аманаттарды алуучулардын жалпы саны 80 адамды түзөт. Анын ичинен 72 жаранга пенсия каралып, төлөнсө, дагы 8и чечимди күтүп жатат.

 

Социалдык фонд бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 миң 500 доллардан ашканын белгиледи.