Бишкекте 3,5 миңден ашык абонент жарыксыз калат

Бишкекте 3,5 миңден ашык абонент карыздын айынан жарыксыз калат. Ордо калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү дүйшөмбү күнү жүргүзүлөт.

 

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн абоненттер карыздарды алдын ала төлөшү керек. Муну төлөм терминалдары, ошондой эле “Кыргызпочтасынын” кассасы аркылуу ишке ашырууга болот.