Түштүктөгү 130га жакын жеке клиниканын бирөөсү гана мыйзам чегинде иштейт

Кыргызстандын түштүгүндө 130га жакын жеке клиниканын бирөөсү гана мыйзам чегинде иштейт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Ал белгилегендей, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда жалпы 127 медициналык, косметологиялык жана стоматологиялык клиника жана эки окутуу борбор текшерилди.

Анын алкагында лицензиясы жок 50 мекеме, ишмердүүлүгүн лицензияга ылайык жүргүзбөгөн беш жеке клиника аныкталса, 60 клиникада бузуулар катталган.

Дарыгерлер жеке клиникалар тартипке келгенге чейин жарандарды ал жакка барбай турууга чакырат.