Селден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Талас облусунун Талас районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 22-апрелде аталган райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылы, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылы жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1… Кененирээк…

Таластын бир катар айылдарында да сел жүрдү

Кечээ, 22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандын айынан Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.   Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан эскертишкендей, бул ирет адаттагыдан айырмаланып ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.   Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынган.

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мунун себеби селге байланыштуу.   Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, шаардын чет жакасындагы айылдарда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Селдин кесепетинен… Кененирээк…

Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок

Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мекеме аталган аймакта жашаган кыргыз диаспоралары менен байланышып, абалга байкоо салып жатат.   Россиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунда башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен.… Кененирээк…

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта тоголок жетим калган ар бир балага коммерциялык банктардын биринен депозит ачылып, жыл сайын республикалык казынадан каражат бөлүнөт. Акча балдар 18 жашка толгондон кийин алардын… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталды

Кыргызстанда бир катар майрам күндөрү жумуш күнү деп бекитилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү) жана 7-8 ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) мамлекеттик майрам күндөрү деп аталат. Бирок бул күндөрү эс алуу болбойт.  … Кененирээк…

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салынды.   Жалпысынан 30 гектар аянтка 3 миң батирлүү 64 үй куруу пландалууда. Кичи райондо ошондой эле 700 орундуу мектеп, 280 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик түйүн курулат.… Кененирээк…

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи. Ага ылайык, үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү.   Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана… Кененирээк…