Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго айып пул салына баштады

Ысык-Көл облусунун аймагындагы дүкөн, кафе-ресторан, тойканаларда желим баштык колдонулганы аныкталса айып салынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкери Бейшенбек Самбаев билдирди.   Анын айтымында, желим баштык колдонулганы тууралуу маалымат видео, сүрөт менен аныкталса, алгач протокол түзүлүп эскертүү… Кененирээк…

Кыргызстанда бир нече министрге сөгүш берилди

Кыргызстанда бир катар министрлер тартиптик жаза алды. Президенттик администрациянын коллегиясында Санариптик өнүктүрүү министри биринчи орун басары менен бирге, Унаа жана жолдор министри, Маданият министри, Саламаттык сактоо, Экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлары, президенттин Ош облусундагы өкүлүнө сөгүш берилди.   Ал эми Тышкы иштер министри… Кененирээк…

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаан-чачындан кийин Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак-жайлардын короолорун суу каптады.   Андан тышкары, Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуу абал жаралды.  Жерине атайын инженердик… Кененирээк…

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык… Кененирээк…

Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында нөшөрлөгөн жаандан кийин 46 сел жүрдү, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.   Анын айтымында, Ошто 170 короо, 28 үй жана 1 мектепти суу каптады. Жалал-Абад облусунда 102 короо-жайды,… Кененирээк…

Селден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Талас облусунун Талас районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 22-апрелде аталган райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылы, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылы жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1… Кененирээк…

Таластын бир катар айылдарында да сел жүрдү

Кечээ, 22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандын айынан Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.   Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан эскертишкендей, бул ирет адаттагыдан айырмаланып ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.   Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынган.

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мунун себеби селге байланыштуу.   Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, шаардын чет жакасындагы айылдарда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Селдин кесепетинен… Кененирээк…