Жалал-Абад облусунун экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын
жакшыртуу максатында 1 миллиард 900 миллион евро гранд берилет.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыяланган сынакта айыл чарба, туризм жана к
айра иштетүү тармагындагы 8 долбоор жактырылды.
Ал чет элдик донорлор тарабынан каржыланат. Белгилеп кетсек,
«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында
2022-жылга чейин долбоорлор ишке ашып, жалпы бюджети 11 миллиард еврону түзөт.