Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, күндүзгү саат 2ге чейин аталган пункт аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Бул байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.