Кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу.   Облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоону макулдашып, 7-майда катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени кабарланды.   Эске салсак, кечээ… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майда “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” түйүндөрү иштебейт.   Пункттар кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Эмгек күнү” майрамдалгандыгына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.

«Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унааларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ишинде үзгүлтүктөр катталууда

«Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унааларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ишинде үзгүлтүктөр катталууда. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда системаны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.   Кечээ, 24-апрелде «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда саат 15:00 дөн 17:30га чейин каттоо системасынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.   Анын айтымында, Баракта 980 киши жашайт жана  97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү кечээ жабык болду.   Бүгүнтөн тарта  кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр кадимки тартипте өткөрүлүүдө.

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү бүгүн, 4-апрелде чектелет.   Эртеңден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү 4-апрелде чектелет.   5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.   Маалыматка караганда, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 24-марттан 29-мартка чейин Баткен облусунда болгон. Кийинки ирет тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташат.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу башталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу Баткенде 25-мартта башталганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты. Жолугушуу бир аптага созулмакчы. Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы боюнча мунаса… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы дээрлик 11 чакырым тилкесин макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы дээрлик 11 чакырым тилкесин макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү өттү.   Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.  … Кененирээк…