Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда.   УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө түйүнүндө 410 жүк ташуучу унаа токтоп турат.   Эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан жүк өткөрүүгө чектөө киргизилген эмес, бардык өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат. Ал… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү

16-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы протоколго кол койду

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы протоколго кол коюлду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өттү.   Анда кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары тактоону активдештирүү макулдашылып, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмалар берилгени айтылат.  Белгилеп… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 29-сентябрда жана 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.   Убактылуу чектөөлөр Кытайдагы майрамдарга байланыштуу киргизилет. Аталган чек ара пункттары аркылуу транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-октябрда жанданат.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандан коңшу өлкөгө чыгып кетүү үчүн кезекте 140 фура турса, ал эми казак тараптан биздин аймакка келчү 40 унаа турат.   Ведомстводон белгилешкендей, мындай абал күзгү сезонго карата кадимки… Кененирээк…

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жалпысынан 3 түйүндө толук жаңылоо иштери пландалган, анын ичинде “Каркыра” дагы бар.   Объектилер заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалат. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аталган пунктта тартылган видео… Кененирээк…

Баткен жана Согди облус башчылары жолугушту

Бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жетекчилер алгач,… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп Ош облусундагы “Кара-Багыш” жана Жалал-Абаддагы “Бек-Абад” пункттары тууралуу болуп жатат.   “Кара-Багыш” аркылуу Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары гана, унаасыз, жөө өтө алышат. Ал эми “Бек-Абад” түйүнү аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары дагы, жеңил… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ишин жандантты

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ишин жандантты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.   Соңку он жылдан ашык убактан бери жабык турган бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Анжиян облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу Азаттыкка Жалал-Абад облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жерде жайгашкан пункт 2009-жылдан бери жабык турган.   “Бек-Абад” чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өткөрүлөт.  … Кененирээк…