Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын дагы 24 чакырымын тактады.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Согди облусунун Бустон шаарында эки өлкөнүн кыргыз-тажик чек арасынын делимитация жана демаркациясы боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Анын жыйынтыгы менен чек аранын 24 чакырымы макулдашылып, протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргызстан аймагында өтөт.