Мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталды

Бишкекте өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталганын бүгүн 15-ноябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кечээ эки бала Макиш Койбагаров атындагы көчөдө жайгашкан мектептин ичине бомба коюлганы жөнүндө маалыматты мугалимдердин бирине телефон аркылуу жөнөтүшкөн жана жарым саат ичинде имараттан чыгып кетүү керек экенин эскертишкен.

Милиция кызматкерлери мектепке дароо жетип барышкан, эч кандай шектүү нерсе же жардыргыч зат табылган эмес.

 

Факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталып, териштирүү башталганда ошол мектепте окуган 14 жаштагы эки окуучу аныкталган, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек болгондуктан ата-энесине өткөрүлүп берилген. Койбагаров көчөсүндө №26 мектеп-гимназия жайгашкан.

Бир күн мурда Сокулукта да ушундай окуя катталып, 16 жаштагы окуучу бала аныкталган.

 

Бомба тууралуу маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан. Жакында эле бир күндө борбор калаанын беш жерде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланып, маалымат тастыкталган эмес, шектүүлөр кармалган.

 

Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо») боюнча айыпталган кишинин күнөөсү далилденсе ал беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.