Кыргызстанга мигранттар 2 миллиард 160 миллион доллар которду

Кыргызстанга мигранттар 2 миллиард 160 миллион доллар которду. Өткөн жылга карата маалыматты Улуттук банктан беришти. Андан белгилешкендей, бул 2019-жылга салыштырмалуу, 31 миллион долларга аз.   Белгилеп кетсек, былтыр жыл башында мигранттардын которууларынын көлөмү кыскарган. Бирок июнь айынан ноябрга чейинки мезгилде мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү байкалган.

Россия менен Өзбекстан миграция боюнча макулдашууга кол коюшту

Россия жана Өзбекстан Орусияда иштөөнү каалаган өзбек жарандарынын миграциялык процесстерин жөнөкөйлөштүргөн макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу өткөн аптанын соңунда өзбек тышкы мекемеси кабарлады.   Документке Өзбекстандын сырткы эмгек миграциясы боюнча агенттиги менен Россиянын Ички иштер министрлигине караштуу «Паспорт- виза сервис» мамлекеттик ишканасынын жана «Көп функционалдуу… Кененирээк…

Кыргызстандык мигранттар мекенине жыл башынан бери 1 миллиард 729 миллион доллар которду

Кыргызстандык мигранттар мекенине жыл башынан бери 1 миллиард 729 миллион доллар которду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 463 миллион долларга аз.   Которуулардын басымдуусу, же 90 пайызы адаттагыдай эле, Россияда иштеген мигранттардан келди.

Россияда чет элдик жарандардын жүрүү мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды

Россияда чет элдик жарандардын жүрүү мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду. Документ чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго, пандемия үчүн чек аралар жабылып, белгисиз шарттарда калып калгандарга дагы тиешелүү.   Айрымдарында паспорттун жарактуу мөөнөтү же эмгек келишими жокко чыгышы мүмкүн.… Кененирээк…

Кыргызстандык эмгек мигранттарга Россияда жүрүү мөөнөтү узартылды

Кыргызстандык эмгек мигранттарга Россияда жүрүү мөөнөтү узартылды. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирдиргендей, 15-сентябрдан кийин мигранттардын азыркы документтери дагы 185 күнгө узартылат.   Жыл аягына чейин мигранттар мекененине депортацияланбайт жана документтерин иретке келтирип алса болот.

Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат

Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат. Ведомство өкүлү Бактыгүл Айдакеева билдиргендей, кайтып келгендер жумушсуздардын катарына кошулду.   Пандемиядан улам иши барлар дагы аралыктан эмгектенүүгө аргасыз болууда. Бул маселени чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.   Анын алкагында жарандардын квалификациясын жогорулатуу каралууда. Белгилеп… Кененирээк…

Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме сунуштады

Адистер Россиянын Ички иштер министрлигине чет элдиктердин смартфондоруна мигранттын санариптик профили орнотула турган атайын тиркемени түзүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.   Агенттикке маалымат берген ишенимдүү адамдын айтымында, министрлик «коронавирустук пандемиядан келип чыккан күтүүсүз жагдайларды» эске алуу менен миграция чөйрөсүндөгү кырдаалга болжолдуу анализ даярдады. Мекеменин… Кененирээк…

Россия кыргызстандык мигранттарга мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор менен иштөөгө уруксат берди

Россия кыргызстандык мигранттарга мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор менен иштөөгө уруксат берди. Документти алмаштырбай эле турса болот, бирок сөзсүз түрдө узартуу шарт, — дешти аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен.   Маалыматка ылайык, паспорттордун мөөнөтү аяктаса, аны Москвада жайгашкан элчиликтен узартуу керек. Жалпы жарандык паспорт болсо, ага мөөр… Кененирээк…

Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди

Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди. Мигранттардын федерациясынан билдиришкендей, байланыш линиясындагы кызматкерлер Россиянын миграциялык жана эмгек маселелери боюнча мыйзамдары менен таанышууга жардам көрсөтөт.   Борбордун адистери аларга кайрылган ар бир адамды угуп юридикалык кеңеш берип, документтер жоголгондо кайда кайрылуу керектигин айтып беришет.… Кененирээк…

Балдар жөнүндө кодексте “эмгек мигранттардын балдары” түшүнүгү пайда болушу мүмкүн

Балдар жөнүндө кодексте “эмгек мигранттардын балдары” түшүнүгү пайда болушу мүмкүн. Мындай сунушту Жогорку Кеңеш депуттар киргизди. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, ата-энелери акча табуу үчүн чет мамлекетке кеткен балдардын маалымат базасын түзүү керек.   Бул алардын жашоо шартына көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Белгилеп кетсек, акыркы жылдары ата-энеси… Кененирээк…