Нигерияда блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн

Нигерияда 18 миң катталуучусу бар блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал өзүнүн постторунун биринде томат пюресинин сүрөтүн бөлүшүп, аны “кант эле даамданат” деп баалаган.   Өндүрүүчү блогерди продукт өтө таттуу экенин айтып, бизнеске зыян келтирди деген негизде сотко берди.   Айыпкер… Кененирээк…

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат. Ислам өлкөсүн 27 жаштагы модель жана блогер Руми ал-Кахтани таанытат.   Ал Эр-Риядда төрөлгөн, учурда социалдык тармакта миллион катталуучусу бар.   Эске салсак, быйыл «Аалам сулуусу» сынагы сентябрь айында Мексикада өтөт.

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү. Бул Transfermarkt порталы футболчуларга баа бергенден кийин белгилүү болду.   Футболчунун баасы учурда 30 миллион евро. Баасынын төмөндөшүнө карабастан, “Интер Майамиде” ойногон Месси Америка лигасынын эң кымбат оюнчусу бойдон калууда.   Эң кымбат MLS футболчуларынын тизмесинде экинчи орунду… Кененирээк…

«Крокус Ситидеги» кол салуудан каза болгондор 139га жетти

Москвадагы террордук чабуулдан кийин каза болгондор 139ка жетти. Бул тууралуу «Азаттык» Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге таянып жазды.. Анын айтымында, соңку эки киши ооруканада көз жумду.   Буга чейин каза тапкандар 137, жараат алгандар 182 экени кабарланган.   22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити»… Кененирээк…

«Крокус Ситиде» каза болгондор 137ге жетти

Россияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» аталган мамлекеттин Тергөө комитетине таянып жазды.   22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго… Кененирээк…

«Крокус Сити Холлдо» жабыркагандардын саны 145ке жетти

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканага жаткырылган тогуз кишинин абалы оор.   Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 22-мартта болгон… Кененирээк…

Финляндия кайрадан дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды

Финляндия жетинчи жолу катары менен дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды. Мындай тыянакка “Бакыт боюнча дүйнөлүк докладдын” авторлору келишти.   Алдыңкы үчтүккө Дания менен Исландия да кирди. Эң бактысыз өлкөлөр Афганистан, Ливан жана Конго Демократиялык Республикасы болуп саналат.   Өлкөлөрдөгү бактылуулуктун деңгээлин аныктоо үчүн талдоочулар алты… Кененирээк…

Владимир Путин шайлоодо 87% добуш менен алдыда

Россиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты. Бул тууралуу РФтин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, Владимир Путин алдыда бара жатат. Ал шайлоочулардын 87,33 пайыз добушуна ээ болгон. Эске сала кетсек, Россияда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Учурдагы 87 пайыз — бул Россиянын тарыхындагы… Кененирээк…

Германиянын “Adidas” бренди 32 жылдан бери биринчи жолу чыгымга учурады

  Германиянын “Adidas” бренди 32 жылдан бери биринчи жолу чыгымга учурады. Компания 2023-жылы 58 млн. евро жоготкон.   Ага карабастан, компаниянын директорлор кеңеши 2023-жылга дивиденддер өзгөрүүсүз бойдон каларын айтышкан.   2023-жылы төртүнчү кварталда  “Adidas” продукцияларын сатууда Түндүк Америкада 21 пайыз төмөндөгөн. Ошол эле учурда компания… Кененирээк…

Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады

Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады. Алардын негизги милдети – учуудан корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандыруу.   Пилоттук долбоорго атайын үйрөтүлгөн беш ит катышты. Учурда дагы бир нече күчүк машыгуудан өтүүдө.   Терапевт жаныбарларды дүйнөнүн башка аэропортторунан кезиктирсе болот. Маселен, АКШ менен Канаданын аба майдандарында иттер гана… Кененирээк…