«Крокус Ситидеги» кол салуудан каза болгондор 139га жетти

Москвадагы террордук чабуулдан кийин каза болгондор 139ка жетти. Бул тууралуу «Азаттык» Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге таянып жазды.. Анын айтымында, соңку эки киши ооруканада көз жумду.

 

Буга чейин каза тапкандар 137, жараат алгандар 182 экени кабарланган.

 

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

 

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды, алар эки айга камакка алынды.