Тайландда жоголуп кеткен мышык карызга батып үйүнө кайтты

Тайландда жоголуп кеткен мышык карызга батып үйүнө кайтты. Кызыктуу окуяны Фейсбуктун колдонуучусу жазды. Анын мышыгы 3 күнгө жоголуп кеткен, келгенден кийин мойнуна илинген кагаз байкалган.

 

Анда мышык балык саткан дүкөнгө кирип, кечке карап тура бергендиктен, сатуучу ага 3 балык берген. Бирок карызга. Кагазда болсо, дүкөндүн дареги, сатуучунун аты жана телефон номуру жазылган. Мышыгынын бересесин ээси төлөдүбү-жокпу, такталбайт.