Пекинде алгачкы роботаксилер пайда болду

Пекинде алгачкы роботаксилер пайда болду. Айдоочусу жок унаа азырынча жүргүнчүлөрдү белгиленген каттам менен гана ташып жатат. Буга карабай, ага түшүүнү каалагандардын саны арбын болууда.

 

Анткени, атайын тиркемени колдонсо, роботакси кызматы акысыз болот. Колдонуучулар мындай таксинин кемчиликтери бар экенин айтышууда, алсак, ал өтө жай жүрөт жана тыгындар жаралганда, реакциясы көпкө созулат.