Таласта 10 жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады

Таласта 10 жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады.

Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы билим берүү мекемеси учурда окуучулар үчүн каалагасын ачты.

225 орунга чакталган жаңы мектепте бардык шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Белгилеп кетсек, Кайнар орто мектебинин курулушу 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден улам бүтпөй келген.