Жаңы жылдык эс алууларда республиканын медициналык мекемелери кандай иштей тургандыгы айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен такташкандай, 1-январдан 8не чейин саламаттыкты сактоо уюмдары кадимки тартипте иштешет.
31-декабрда бардык медициналык мекемелер штаттык режимде кызмат өтөйт, ал эми 1-жана 7-январь эс алуу күндөрү болот.
Бул учурда бейтаптарды нөөмөттөгү дарыгерлер кабыл алышат.