Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163кө жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн эртең мененки саат 9га карата берген маалыматка ылайык, жараат алгандардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Чек арадагы соңку окуяда 59 адам мерт болгону кабарланды.
Буга байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө.