Манас районуна караштуу Покровка айылындагы “Жеңиш” паркын заманбап талаптарга шайкеш келтирүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Малыматка караганда, паркты реконструкциялоо үчүн Манас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты.