Бишкектин Ашар көчөсү оңдоо иштерине жабылат.
Мэриянын маалыматына ылайык, 27-июндан тарта иштер анын Лущихин көчөсүнөн Ак-Өргө конушуна чейинки тилкесинде башталат.
Кайра калыбына келтирүүдөн кийин анын кеңдиги 9 метрге чейин жетет, ирригациялык тармак өткөрүлүп, тротуарлар курулат. Альтернативалык каттам катары айдоочуларга Алыкул көчөсү сунушталат. Ремонттук иштер октябрдын аягына чейин уланат.