«Тазалык» ишканасы Өзбекстандан таштанды ташуучу 5 жаңы унаа сатып алат

«Тазалык» ишканасы Өзбекстандан таштанды ташуучу 5 жаңы унаа сатып алат.

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, бул үчүн шаардык бюджеттен 30 миллион сом жумшалат.

Маалыматка ылайык, техникаларды катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана ордо калааны санитардык тазалоо үчүн колдонуу пландалууда.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө бул максатта 53 атайын техника иш алып барат.