Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү.

Мекемеден билдиришкендей, тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, жашыл энергетика фонду жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлдү.