“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7 миң сомго көбөйтүлдү.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Анын айтымында, маянанын көтөрүлүшү боюнча чечим кызматкерлерге ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү жана шыктандыруу максатында кабыл алынган.