«Тазалыкка” каражат төлөбөгөн үйлөргө атайын белги чаптоо сунушталды.
Мэриянын маалыматына караганда, аталган ишканага болгон дебитордук карыз бүгүнкү күндө 185 миллион сомду түзөт. Мунун айынан кызматкерлердин айлык маянасы кечигип, техниканы оңдоп-түзөөдө кыйынчылык жаралып жатканы белгиленди.
Маселени жөнгө салуу үчүн “Тазалыктын” кызмат акысын бир жылдан бери төлөбөй жүргөн турак жайларга атайын белги чаптап коюу демилгеленди.