Грузия кытайлыктар үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили билдиргенин “Азаттык” жазды.
Бул кадам Пекин менен Тбилисинин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана бул өлкөдөн туристтерди тартуу үчүн маанилүү экени белгиленди.
Ошондой эле Кытайдан түз авиакаттамдар көбөйөрү күтүлүүдө.