Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү жүрүүдө

Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жүрүүдө.

 

Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, өнөктүк эки этап менен өтөт. Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин отчет бериши керек. 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырат.

 

Документте өткөн жылы алынган кирешелер, чарбалык ишмердүүлүк, мүлк жана жер тилкелери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.