ТИМ Кыргызстанга убактылуу келди деген пакистандыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Пакистандан келгендерди чектөөгө алуу тууралуу айтылып жаткан талаптарга жооп берди. Мекеменин басма сөз кызматы 25-августта билдирүү таратып, алардын баары мекенинен вакцина алып келгенин, бул тууралуу Пакистан элчилигинин расмий тастыктамасы бар экенин, өлкө аймагына кирген бардык чет өлкөлүктөр соңку 72 саат ичинде жасалган ПЧР тестинин жыйынтыгын көрсөтөрүн, шектүүлөрү ооруканага жөнөтүлөрүн белгиледи.

 

ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын 1% гана чет жактан келгендер.

25-августта коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков АКИpress агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Пакистандан, Ирандан, Ооганстандар келгендер соңку 1-1,5 айда көбөйүп жатканын кооптуу жагдай катары мүнөздөгөн. Ошондой эле ал Кыргызстан аркылуу башка өлкөгө кетери айтылган пакистандыктар коронавирус боюнча карантинде болсо көчөдө эмне үчүн ээн басып жүрүшкөнүн айткан.

 

23-августта ТИМ Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан алар Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын, коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайра ачыла баштагандыктан Кыргызстанга каттагандардын агымы азаярын билдирген.

 

Быйыл июль-август айларында 7,5 миң пакистандыкка Кыргызстанга туристтик виза берилгени, алардын баары улуттук коопсуздук органдары аркылуу текшерүүдөн өткөнү, жөнөкөйлөтүлгөн виза режимине уруксат 220 пакистандыкка берилгени маалым болгон.

 

Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөгү чет элдик өкүлчүлүктөр жабылып, кызматкерлери эвакуацияланууда. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары аэропортто топтолгон сүрөттөр жарыяланган.

 

Ооган жарандарына окшоп кийингендер соңку күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнү коомчулукта кызуу талкууланууда.