Муниципалитет өткөн жумада дагы мыйзамсыз коюлган бир нече объектилерди алды

Муниципалитет өткөн жумада дагы мыйзамсыз коюлган бир нече объектилерди алды.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет. Жер ресурстары башкармалыгынын

адистери 7-Апрель менен Кийизбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафени алышты.

Андан сырткары, Жибек Жолу проспектисиндеги дүкөн, Лев Толстой көчөсүндөгү

соода күркөсү да алынды. Мэрия шаарга мыйзамсыз курулган объектилерди жума сайын карап,

аларды алып турат, — деши муниципалитеттен.