Коронавирус чыккан Кытайдын Хубэй провинциясы авиакаттамдарды кабыл ала баштады. Аталган аймакта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аба кемелери 63 күндөн бери учпай турган.
Белгилеп кетсек, Кытай бийлиги 19-мартта коронавирус эпидемиясын токтоткондугун расмий түрдө жар салды. Ошондой эле аталган өлкөдө коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайып кетти.