Токмокто жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Токмокто жаңы машина-трактор станциясы ачылды, ал жергиликтүү дыйкандарга жер айдап, жаңы технологияларды үйрөтүүгө жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Станциянын аймагында айыл чарба техникаларынын соода аянтчасы, фермерлерди окутуу борбору, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоонун биологиялык каражаттарын чыгаруучу лаборатория бар.