Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдоого шектүү адам кармалды

 

Милиция Токмоктогу мал базардан Сокулук районунун тургунунун 120 миң сомун уурдоого шек саналган адамды кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-октябрда билдирди.

 

Кармалган адам Токмоктун 39 жаштагы тургуну. Расмий маалыматта ал Сокулук районунун тургунуна уурдалган 120 миң сомду кайтарып бергени айтылат. Учурда Токмок милициясынын убактылуу кармоочу жайында.

 

Сентябрдын орто ченинде Токмок шаарындагы мал базарда жылкы сатып алам деген аксакал 120 миң сомун уурдатып алганы тууралуу видео тараган. Аксакалга базардагы соодагерлер 115 миң сомдон ашуун акча чогултуп беришкен. Социалдык түйүндөрдө бул окуя тартылган видео кызуу талкууланган.