Бишкектин айрым конуштарында бүгүн таза суу өчөт

26-октябрда Бишкектин Ала-Тоо — 1, Ала-Тоо — 2 жаңы конуштарында ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт. Муниципалитет бул убакыт аралыгында «Ала-Тоо» суу кампасында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрөрүн белгиледи.
«Мындан улам ичүүчү суу турак үйлөрдөн тышкары мектеп, бала бакча, социалдык, өнөр жай объектилеринде да жок болот», — деп жазылат кабарда.
«Бишкек суу каналы» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарды жана конуш тургундарына сууну алдын ала камдап алууну эскертти.