Түштүк Корея Кыргызстанга төрт «Тез жардам» автоунаасын берди

«Тез жардам» автоунаалары Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги менен Түштүк Кореянын Улуттук өрт өчүрүү агенттигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде берилди.

 

19-октябрда Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясында автоунааларды берүү аземи болуп, ага Сеулдагы кыргыз элчиси Аида Исмаилова катышты.

Түштүк Кореянын Улуттук өрт өчүрүү агенттигинин өкүлү мындан ары да кызматташууга, заманбап өрт өчүрүүчү жана «Тез жардам» автоунааларында иштөөгө кыргызстандык куткаруучуларды окутууга даяр экенин айтты.

Кыргызстандын Сеулдагы элчилигинин маалымдашынча, Түштүк Кореянын өрт өчүрүү агенттиги 2021-жылы да Кыргызстанга эки өрт өчүрүүчү, эки «Тез жардам» автоунаасын берген.