Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка” билдирди.

 

Анын айтымында, импорттун токтошу коңшу өлкөлөрдөгү энергетикалык көйгөйлөргө байланыштуу. Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги дале курч, андыктан, жарандар жарыкты үнөмдүү колдонушу керек, — деди чиновник. Ошол эле учурда ал өлкөдө электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт деп ишендирди.