Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 12,7 млрд куб метрге жетти

Бүгүн, 18-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 699 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 536 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.