Улан Чаначев эмгек министринин орун басары кызматынан бошотулду

Улан Чаначев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

 

Эске салсак, 22-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) министрдин орун басары Улан Чаначев мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалганын кабарлаган. Шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалды.