Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион сомдон ашык түштү.
Каржы министрлигинен ишендиришкендей, бардык каражат максаттуу жана так бөлүштүрүлөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда.
Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдар чогултулуп, унаа менен Баткенге жөнөтүлүүдө.