Украинада вакцинанын эки дозасын алгандарга акча төлөнөт

Украинада вакцинанын эки дозасын алгандарга акча төлөнөт. Өлкө президенти Владимир Зеленский жарыялагандай, эмдөөдөн өткөндөргө 3 миң 200 сомдон мамлекет тарабынан берилет.

 

Ал тактагандай, процесс атайын тиркеменин жардамы менен ишке ашат. Ал аркылуу бул суммага эмдөө алган жарандар спорт залга же фитнес-клубка абонемент алса болот, кинотеатр, театр, же музейге барса болот.

 

Ошондой эле өлко ичинде саякаттоого билет жеткиликтүү. Акция 19-декбардан тарта ишке кирет. Бул максатта жыл аягына чейин Украина бюджетинен 228 миллион доллар бөлүнөт.