Улуттук банк бул жумадагы экинчи интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк бул жумадагы экинчи интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жазылгандай, кечээ 500 миң доллар сатылды. Күн мурун эле валюта рыногуна 23 миллион доллар чыгарылган.

 

Ушуну менен ноябрдын башынан бери 50 миллион 700 миң доллар сатылды. Америкалык валютанын куну 2 айдан бери серпилүүдө. Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттады. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып баштаган. Бирок эс алуу күндөрү доллардын куну кайра көтөрүлүп, 84 сом 50 тыйынга жетти.