Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы арада башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы арада башталат.

 

Долбоордун баасы 6 миллиард долларды чапчыйт. Бул тууралу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, Кыргызстанга башка мамлекеттер менен биздин өлкөнү байлаынштырып, экономиканы глобалдык чынжырчага кошууга мүмкүнчүлүк берген жаңы темир жол каттамдары талап кылынат. Эске салсак, макулдашууга ылайык, эл аралык темир жол биздин өлкөнүн аймагынан Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамы менен өтөт.