Кайра шайлоого катышууга ниеттенген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 30-январга чейин бардык документтерин тапшырышы керек

Кайра шайлоого катышууга ниеттенген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 30-январга чейин бардык документтерин тапшырышы керек.

 

БШКдан билдиришкендей, алар жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн жана күрөөнүн квитанциясын бериши зарыл.

 

Боршайкомдон белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө шайлоо комиссиясына 25 арыз келип түштү. Ал эми талапкерлерди каттоо 7-февралда аяктайт.