Бишкек – Ош унаа жолу ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптап, унаа жол жабылып калган.
Тазалоо иштеринин натыйжасында 18-майда түнкү саат 10дор чамасында жолдун 647-чакырымы толук тазаланып, ачылды.