Улуу Британияда 21 жаштагы тургун акча табуунун адаттан тыш жолун ойлоп тапты

Улуу Британиянын 21 жаштагы тургуну Стеф Тугуд акча табуунун адаттан тыш жолун ойлоп тапты.

Кыз үй келемиштерине сүрөт тартууну үйрөткөн.

Ал жаныбарлардын буттарын боёкко малып, сүрөт тартуучу материалдын үстүндө кое берет.

Чычкандардын таманы менен тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда чоң популярдуулукка ээ болуп, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан адамдар мындай өзгөчө картиналарга ээ болууну каалай башташты.

Эми Тугуддун жана анын кичинекей үй жаныбарларынын дүкөнү бар, алардан сүрөттөрдү гана эмес, сувенирлерди да сатып алууга болот.