Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү

Кар жана туманга байланыштуу Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

 

Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү 500 метрди түзүүдө.

 

Белгилеп кетсек, көрүү норма боюнча 5 миң метрди түзүүсү зарыл.