Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана КРВИге каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана курч респиратордук инфекцияларга каршы эмдөө

сентябрдын аягында башталат. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси

Айнура Акматованын айтымында, учурда 111 миң вакцина боюнча келишим түзүлдү.

Мындан тышкары дагы 700 миң вакцинага арыз даярдалды. Эмдөө биринчи кезекте

65 жаштан улуу адамдарга, медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорусу барларга,

кош бойлуу аялдар жана мектеп-интернатындагы балдарга жүргүзүлөт.

Мындай жарандардын саны 700 миңден ашат. Эске салсак, буга чейин

премьер-министр калктын аярлуу катмарына вакцинация акысыз жүргүзүлөт деп убада берген.