Улуу Британиянын тургуну кубик Рубик боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады

Улуу Британиянын тургуну бир күндө чогултулган кубик Рубик боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Гиннестин рекорддор китебинин сайтына ылайык, 24 сааттын ичинде ал дээрлик 7 миң табышмакты чечкен.

20 жаштагы Джордж Шоли 9-ноябрда эртең мененки саат 8ден 10-ноябрдын таңкы сегизине чейин 6 миң 931 кубик чогулткан.

Бир табышмак үчүн ага 12 секунддай убакыт кетти.

Биринчи саатта ал 327 кубик чогултса, сегизинчи саатта алардын саны 3 миң 500 даанадан ашты.

Шоли Британиялык кубинг боюнча учурдагы чемпиону жана дүйнөдөгү эң мыкты спидкуберлердин бири.